Иракта Түрк дипломатын шейит кылган 2 киши өлүм жазасына тартылды
Иракта шейит Осман Көсе жана Ирактын жараны 2 кишинин 17-июлда Эрбилдеги бир ресторанда куралдуу кол салуунун себебинен набыт болгону боюнча доо каралды.
1357260
Иракта Түрк дипломаты Осман Көсени шейит кылган 2 киши өлүм жазасына тартылды.
Шейит Осман Көсе жана Ирактын жараны 2 кишинин 17-июлда Эрбилдеги бир ресторанда куралдуу кол салуунун себебинен набыт болгону боюнча доо каралды.
Адвокат Бирзо Саид: «Эрбилдин 2-Кылмыш-жаза соту, Түрк допломаты шейит кылынган окуя тууралуу 6 кишиге жаза берди. 2 киши өлүм жазасы, 1 киши 1 жыл абак, калган 3 киши экиден жыл абак жазасын алды»,-деди.