Эвакуациялангандардын арасында коронавирус аныкталды

Кытайдан АКШга эвакуациялангандардын арасында биринчи жолу коронавирус аныкталды.

1357392
Эвакуациялангандардын арасында коронавирус аныкталды

Кытайдан АКШга эвакуациялангандардан бирөөндө жаңы коронавирус пневмониясы (NCP) аныкталды.

Калифорния штатындагы UC San Diego Health ооруканасынын жетекчилери, байкоого алынган төрт бейтаптан бирөөндө коронавирус аныкталгандыгын, анын карантинге алынгандыгын билдиришти.

Эвакуациялангандардын арасында Мирамар шаарынан эки кишинин дагы текшерүү үчүн ооруканага жеткирилгендигин белгилешкен жетекчилер, эки бейтаптын тең жакшы болуп калганын кабарлашты.

Ушундайча Калифорнияда коронавирус аныкталган кишилердин саны 7ге, АКШнын жалпысында болсо 13кө жетти.



Тектеш кабарлар