Чехияда бороондон улам 100 000 үй электр үзгүлтүгүнө учурады
Бороондон улам Прагадагы зоопарктын да жекшемби күнү жабык болору белгиленди.
Чехияда катуу бороон жалпы өлкөдө 100 000ге жакын үйдүн электрсиз калышына себеп болду.
Өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда өзгөчө Чехия - Германия чек ара аймагында катуу болгон бороондон улам 3 киши жараланып, бир топ аймакта транспорт токтоду.
Чехиянын эң чоң электр өткөрүүчүсү Чехия электромонтаж заводу тарабынан берилген маалыматта катуу бороондон улам өлкөнүн бир топ аймагынын электрсиз калгандыгы жана бороондон зыян тарткан жогорку кубаттулуктагы электр линиясын оңдоо иштеринин улантылып жаткандыгы белгиленди.
Бороондон улам Прагадагы зоопарктын да жекшемби күнү жабык болору белгиленди.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.