Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 909га жетти

Вирустан таасирленгендердин саны 40.171ге чыкты.

1356373
Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 909га жетти

Жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 909га жетип, вирустан таасирленгендердин саны 40.171ге чыкты.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматта жалпы өлкөдө жаңы аты «жаңы коронавирус пневмониясы» (NCP) деп жарыяланган эпидемиядан каза болгондордун санынын 909га жеткендиги жана алардын ичинен бирөөсүнүн Конгконгдон экендиги белиленди. Вирустан таасирленгендирдин саны 40.171 деп белгиленип алардын ичинен 6.500 кишинин абалынын оор экендиги маалымдалды.

Кытайдын тышында эпидемия жуккан киши саны Гонконг атайын башкаруу аймагында  36га жетип, Макао автоном башкаруу аймагында 10 деп белгиленди.

Дүйнөдө 2002 – 2003  - жылы ортого чыккан SARS эпидемиясында Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматына караганда көпчүлүгү Кытайда  болгон 774 киши каза болгон.

Биринчи жолу Кытайдын  Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 2019 -  жылдын 12 -  декабрында чыккан жаңы тип коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылышы менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму «чукул абал» жарыялаган.



Тектеш кабарлар