Карантиндеги кемеде дагы 60 кишиде коронавирус аныкталды
3 миң 700 киши болгон кемеде коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 130га жетти.
Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен Японияда карантинге алынган жүргүнчү кемесинде вирусту жуктурган дагы 60 киши катталды.
Киодо агенттигинин кабарына караганда, Иокогама портунда шейшемби күнү карантинге алынган 3 миң 700 киши болгон кемеде коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 130га жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинин бир жетекчиси, дагы 60 кишиде коронавирустун аныкталганын, кемедегилердин бардыгынан анализ алууну пландагандарын белгиледи.
Япониянын борбор шаары Токиого жакын Иокогама портуна токтогон жүргүнчү кемеси, гонконгдук жүргүнчүдө коронавирус аныкталгандан кийин өткөн аптада карантинге алынган болчу.
Ал эми Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 909 кишиге, вирусту жуктургандардын саны болсо 40 миң 171ге жетти.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.