Израиль Хамаска караштуу бир жерди бомбалады
Кол салууда эч бир жоготуу болгон жок.
1356090
![Израиль Хамаска караштуу бир жерди бомбалады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7cfb/cb14/3b18/5e40f5e5a5fb2.jpg?time=1718857015)
Израиль аба күчү Газада Хамаска караштуу бир жерди бомбалады.
Газа тилкесинде Хамаска караштуу Иззеддин ел - Кассам бригадасына караштуу аймак Израиль аскердик учактары тарабынан бутага алынды. Шаардын түштүгүндөгү Хан Юнус аймагына жасалган кол салууда эч бир жоготуу болбоду. Абадан кол салуу Израиль армиясынын Газадан ракета атылгандыгын жарыялашынан кыска убакыттан кийин болду.