Тажикстандын тышкы соода көлөмү өстү
Тажикстандын тышкы соода көлөмү 2019 - жылы 4 миллиард 523,7 миллион доллар болуп ишке ашты.
Тажикстандын тышкы соода көлөмү 2019 - жылы 4 миллиард 523,7 миллион доллар болуп ишке ашты.
Тажикстан Статистика Мекемесинен берилген маалыматка караганда өткөн жылы өлкөнүн тышкы соода көлөмү бир жыл мурункуга салыштырганда 7, 1 пайызга өсүп, 4 миллиард 523,7 миллион долларга жетти.
2019 - жылы 105 өлкө менен соода кылган Тажикстандын жылдык экспорту 9, 4 пайызга өсүп, 1 миллиард 174, 4 миллион доллар, импорт көлөмү болсо 6, 3 пайыздык өсүү менен 3 миллиард 349,5 миллион доллар болду.
Ошол эле мезгилде өлкөнүн тышкы соода тартыштыгы да 2 миллиард 174, 9 миллион доллар болуп катталды.
Бул мезгилде эң көп алюминий жана пахта экспорттогон Тажикстан өлкө тышынан машина, жабдык, унаа жана тамак - аш продукцияларын импорттоп алды. Өлкөнүн эң чоң соода өнөктөштөрүнүн арасында кезеги менен Орусия, Казакстан жана Кытай орун алды.