Коронавирусту тапкан дарыгер каза болду

Кытайда жаңы тип коронавирус коркунучуна биринчи жолу көңүлдөрдү бурган дарыгер Ли Венлян эпидемиядан улам каза болду.

1355238
Коронавирусту тапкан дарыгер каза болду

 Кытайда жаңы тип коронавирус коркунучуна биринчи жолу көңүлдөрдү бурган дарыгер Ли Венлян эпидемиядан улам каза болду.

Ли 12 -  январда оорулуулардын бирөөсүнөн жаңы тип коронавирус жукту деген себеп менен текшерүүгө алынган жана 1 -  февралда дарыгердин жаңы тип коронавирус ташыгандыгы билдирилген.

Декабрь айында бир суу продукциялары базарында SARSка окшогон бир вирустун ортого чыккандыгын медицина факультетинен достору орун алган кабарлашуу группасында билдирген Ли жаңы тип коронавирус жуктурган деген аныктама менен текшерүү астына алынган ооруканада каза болду.

Уханда бир ооруканада иштеген Ли кабарлашуу группасындагы билдирүүсүндө жаңы тип коронавирустан таасирленген 7 оорулуунун карантинге алынгандыгын белгилеп эпидемия коркунучуна көңүлдөрдү бурган. Ухань полициясы бул кабардан кийин Ли тууралуу «ушак  - айың жаюу» деген күнөлөө менен териштирүү баштаткан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Линин өлүмүнөн кийин твиттерде берген маалыматта : «Дарыгер Ли Венляндын өлүмүнөн кайгылуубуз. Баарыбыз анын коронавирус тууралуу эмгектери үчүн ыраазыбыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар