Асад режими Израилдин Дамаскка кол салгандыгын айтууда

Израиль Сирияда жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери кээ кээде бул жердеги Иран колдогон топторго жана режимге таандык аскердик жерлерге кол салууда.

1354465
Асад режими Израилдин Дамаскка кол салгандыгын айтууда

Башар Асад режими Израиль аскердик учактарынын Сириянын борбор шаары Дамаскта кээ бир жерлерге кол салгандыгын ортого салды.

Режимдин маалымат агенттиги САНАнын кабарында Израилге таандык аскердик учактардын түнкү сааттарда борбор шаар Дамаскта 4 жерге кол салгандыгы билдирилди.

Израиль учактарынын Голан дөңсөөлөрү жана Ливандын түштүгүнөн кол салуулардын болгондугуна орун берилген кабарда Кисва, Мерч Султан, Жиср Багдат жана Изра аймактарынын бутага алынгандыгы ортого салынды. Кабарда режимдин абадан коргоо системаларынын көп сандаган ракетаны токтоткондугу белгиленди.  

Израиль мекемелери болсо бул тууралуу маалымат берген жок. Израиль Сирияда жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери кээ кээде бул жердеги Иран колдогон топторго жана режимге таандык аскердик жерлерге кол салууда.



Тектеш кабарлар