Израиль Газага абадан кол салды

Кол салууда каза же жаралангандар болгон жок.

1353425
Израиль Газага абадан кол салды

Израиль аскердик учактары Газанын түштүгүндө Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел – Кассам бригадасына таандык жерлерге кол салды.

Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына жасалган кол салууда каза болгондор болгон жок.

Израиль армиясынан берилген маалыматта кол салуунун Газадан чек арага жакын Израиль аймактарына атылган 3 ракетага жооп иретинде жасалгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар