Газада тынчтык планына каршы митингдер улантылууда

Газада АКШнын президенти Дональд Трамп «Кылымдын келишими» деп атаган жалган тынчтык планына карата митингдер улантылууда.

1353572
Газада тынчтык планына каршы митингдер улантылууда

 Газада АКШнын президенти Дональд Трамп «Кылымдын келишими» деп атаган жалган тынчтык планына карата митингдер улантылууда.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарында болгон митингге катышкан жүздөгөн палестиналык кылымдын келишимин четке каккан плакаттар менен жүрүштү.

Митингчилер Трамп менен Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун фотографтарын өрттөштү.

Хамастын башкаруучуларынан Мансур Берик митингде сүйлөгөн сөзүндө планды жана Палестина маселесин жоюуга аракет кылган бардык долбоорлорду четке кагышкандарын белгиледи.

Палестина жерлеринде Израилдин эч бир мыйзамдуулугунун болбогондугун белгилеген Берик Палестина калкынын жерлерин таштап кетпей тургандыгын баса белгиледи.

Палестиналыктар жалган тынчтык планына каршы чыгуу максатында басып алынган Батыш Шерианын түрдүү аймактарында да көчөлөргө чыгышууда.



Тектеш кабарлар