АКШ Түркияны Идлиб боюнча колдоду

Майк Помпео, Түркиянын Сирия армиясына каршы Идлибде жүргүзгөн аскердик кыймылдарын колдогондорун жарыялады.

1353491
АКШ Түркияны Идлиб боюнча колдоду

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Түркиянын Сирия армиясына каршы Идлибде жүргүзгөн аскердик кыймылдарын колдогондорун жарыялады.

Майк Помпео жазуу түрүндөгү жарыясында, «Асад режими, Орусия, Иран режими жана Хизбуллах тарабынан Идлиб калкына карай орунсуз жана аесуз кол салууларын АКШ катары дагы бир жолу айыптайбыз»,-деди.

Помпео: «3-февралда координация жана чыңалууну азайтуу үчүн колдонулган чалгындоо пунктунда кызмат кылган көп сандаган Түрк кызматкери каза тапкан кол салуунун эртесинде, НАТО шериктешибиз Түркиянын жанындабыз. Түркиянын мыйзамдуу коргонуунун алкагында таштаган акылуу кадамдарын толугу менен колдойбуз. Жан жоготуулардын себебинен Түркия Өкмөтүнө көңүл айтуу тилектерибизди билдиребиз»,-деп айтты.

«Сирия режими Орусия, Иран режими жана Хизбуллахтын таштаган кадамдарынын, Сириянын түндүгүндө ок атпоо камсыздалышына түздөн-түз тоскоол болгонун» айткан Помпео: «Бул варварча кол салуулар соңуна чыгарылышы керек, гуманитардык жардамдарга жетилиши зарыл жана БУУнун коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомуна ылайык тынчтык кайрадан түзүлүшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар