Улуу Британия Асад режимин айыптады
Асад режими кечээ түрк аскерлерине кол салган болчу.
Улуу Британиянын Жакынкы Чыгыш боюнча жооптуу мамлекеттик министри Эндрю Меррисон, Сирияда Асад режиминин түрк аскерлерин шейит кылган кол салуусун айыптады.
Меррисон Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Асад режиминин Идлибдеги сириялык жарандар менен түрк аскерлеринин жабыркашына алып келген кол салууларын айыптаймын»,- деди.
Британ министр, Сирия жана колдоочусу Орусиядан ок атпоо режимине баш ийүүлөрүн жана чыңалууну басаңдата турчу чукул кадамдарды таштоолорун да өтүндү.
Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги, Идлибдеги кагылышууларга бөгөт болуу максатында жөнөтүлгөн Түрк куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине кечээ режим күчтөрү замбиректер менен кол салып анын кесепетинен 8 адамдын шейит болгонун билдирген эле.
Тектеш кабарлар
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.