Орто Азия - АКШ "C5 +1" жыйыны

Орто Азия  - АКШнын "C5 +1" форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйыны Өзбекстандын борбор шаары Ташкантте болду.

1352728
Орто Азия  -  АКШ "C5 +1" жыйыны
C5 1 abd toplanti1.jpg
C5 1 abd toplanti.jpg

Орто Азия  - АКШнын "C5 +1" форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйыны Өзбекстандын борбор шаары Ташкантте болду.

Жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Түлеберди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен үй ээси Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышты.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда тышкы иштер министрлери жыйында аймактык коопсуздук жана кызматташуу маселелери менен Афганстандагы абал тууралуу пикир алышууларда болушту.

Министрлер 2015 -  жылы Самаркандда башталган "C5 +1" форматындагы Орто Азия  - АКШ тышкы иштер министрлеринин жыйынынын бири биринин кызыкчылыгына таянган кызматташууну колдоо жана кеңейтүүнүн актуалдуу жана түшүмдүү механизми катары өзүн далилдегенди баса белгиленди.

"C5+ 1" форматындагы жогорку деңгээлдеги карым  - катнаштардын дайыма жана ырааттуу түрдө өнүгүп бара жаткандыгы баса белгиленген жыйында араларында экономика, энергетика, транспорт, экология жана коопсуздук темалары да болгон аймактык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери тууралуу кызматташуу темалары каралды.

Орто Азиянын беш өлкөсү менен АКШнын ортосунда экономикалык жана коопсуздук тармактарда көп тараптуу кызматташуу механизмасы катары курулган "C5 + 1" форматынын негизги темаларынын арасында экономикалык өнүгүү, аймактык кызматташуу жана коопсуздук темалары да орун алды.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар