Орусия Кытай менен темир жол каттамдарын токтотту

Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясына каршы баардык чаралар көрүлүүдө.

1351974
Орусия Кытай менен темир жол каттамдарын токтотту

Орусия жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытай менен темир жол каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды.

Орусиянын Темир жолдору компаниясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытай менен жүргүнчү ташуучу темир жол каттамдарынын 3-февраль саат 00.00ден тарта убактылуу токтотулгандагы кабарланды.

Орусия эпидемиянын себебинен Кытай менен чектеш чек араларын жабуу, Кытай жарандарына карай электрондук виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин чыгарган болчу.

Айрым орусиялык компаниялар да Кытайга карай учак жана поезд каттамдарына чектөө койгон эле.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон жарлыкка ылайык Кытай менен визасыз саякат режими убактылуу токтотулса, кытайлыктарга жумушчу визасын берүү иштери да токтогон болчу.



Тектеш кабарлар