Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны өсүүдө

Коронавирус эпидемиясы күч алды.

1351813
Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны өсүүдө

Кытайдын Ухань шаарында декабрь айында пайда болгон жана тез эле өлкөнүн жалпысына жайылган жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны 361 кишиге жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, вирусту жуктурган кишилердин саны 2 миң 296сынын абалы оор болуп жалпы 17 миң 205 кишиге жетти.

Вирусту жугузуп алышы мүмүкүн деп шектелгендердин саны 21 миң 558 кишиге, байкоого алынган кишилердин саны 152 миң 700гө жетти.

Кытайга караштуу Гонконг автономиялуу аймагында инфекцияга кабылгандардын саны 15, Макао автономиялуу аймагында 8, Таилнадда болсо 10 кишиге жетти.



Тектеш кабарлар