Кытайда коронавирус үчүн курулган оорукана ачылды

Кытайдын Ухань шаарында жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам 10 күндө курулган оорукана тейлөөгө ачылды.

1352221
Кытайда коронавирус үчүн курулган оорукана ачылды

 Кытайдын Ухань шаарында жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам 10 күндө курулган оорукана тейлөөгө ачылды.

Кытай борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда коронавируска карата атайын курулган 1000 орундуктуу оорукана борбор шаар Пекинде 2033 -  жылы SARSтан улам курулган оорукананын окшошу болуп долбоорлонду.

50 миң метр квадраттык аянтта түрдүү кесиптерден 7 миң кишилик топ менен курулган 2 кабаттуу оорукананын 30 интенсивдүү терапия бөлүмү бар.

Уханда андан мурда 2 жумада  бүткөрүлөрү жарыяланган 1500 орундуктуу бир ооруканынын да курулушу улантылууда.

Ооруканага кечээ да өлкөнүн 4 шаарынан учкан 8 учак менен 1400 аскердик саламаттык сактоо кызматкери алып барылган.

Кытай улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан берилген маалыматта өлкөдө 2019-nCoV эпидемиядан улам 361 кишинин каза болгондугу, 17 миң 205 кишинин да вирустан таасирленгендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар