Орусия Кытай менен түзгөн визасыз саякат тартибин токтотту

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да журналисттерге берген маалыматында Кытайда орун алган Орусиянын атуулдарынын 3-4-февралда эвакуациялана турганын билдирди.

1351634
Орусия Кытай менен түзгөн визасыз саякат тартибин токтотту

Орусия, жаңы түрдөгү коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытай менен туризм максатуу визасыз саякат тартибин токтотуу чечимин чыгарды.

Орусиянын премьер-министри Михаиль Мишустин тарабынан жарыяланган чечимге караганда коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытай менен визасыз саякат тартиби убактылуу токтотулду.

Айрыкча ал чечимде Кытайдын атуулдарына карай эмгек визасын берүү токтотулгандыгы белгиленди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да журналисттерге берген маалыматында Кытайда орун алган Орусиянын атуулдарынын 3-4-февралда эвакуациялана турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Сергей Лавровдун  Кытайдын Тышкы иштер министри Ванг Йи менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү белгиленди.

Коронавирус эпидемиясы тууралуу абал каралганы баса белгиленген жарыяда, «Бул багытта Орусия менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык сүйлөшүлдү»,деген сөздөргө орун берилди.

Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова, жума күнү Тюмень жана  Сибирдин түштүгүндөгү Трансбайкал аймагында 2 кишиде жаңы түрдөгү коронавирус табылганын жана экөөнүн тең Кытайдын атуулу болгонун билдирген.

Орусия мындан мурда коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытай менен чек арасын жабуу, Кытайдын атуулдарына карай электрондук виза ишке ашыруусун убактылуу токтотуу чечимин чыгарган болчу.

Айрым орус фирмалары да Кытайга карай учак жана поезд каттамдарына чектөө киргизген болчу.



Тектеш кабарлар