Италияда жогорку температура менен ооруканага жаткырылган жүргүнчүдөн вирус чыккан жок

Италияда Коста Смералда жүргүнчү кемесинде коронавирус шектенүүсү менен ооруканага жаткырылыган кытайлык жүргүнчүнүн биринчи анализинде вирустун чыкпагандыгы белгиленди.

1350903
Италияда жогорку температура менен ооруканага жаткырылган жүргүнчүдөн вирус чыккан жок

Италияда "Коста Смералда" жүргүнчү кемесинде коронавирус шектенүүсү менен ооруканага жаткырылыган кытайлык жүргүнчүнүн биринчи анализинде вирустун чыкпагандыгы белгиленди.

Италиянын АНСА агенттигинин кабарында "Коста Смералда" жүргүнчү кемесинде жогорку температура менен Римдеги Лаззаро Спалланзани улуттук жугуштуу оорулар институтунун ооруканасына жаткырылган 54 жаштагы кытайлык аялда алгачкы белгилөөлөргө караганда вирустун чыкпагандыгы бирок так жыйынтык үчүн 24 саат күтүү керектиги белгиленди.

«Repubblica» гезитинин кабарында да кеме якорь таштаган Чивитавеккья портунун командири Винченцо Леоненин кеменин бошотуларын белгилегендигин бирок Чивитавеккья муниципалитет төрагасы Эрнесто Тедеско буга уруксат бербегендиктен жүргүнчүлөрдүн кемеден түшүшүнө уруксат берилбегендиги билдирилди.

 "Коста Крокьер" фирмасына таандык "Коста Смералда" кемеси кытайлык бир жүргүнчүдөгү жогорку температуранын айынан өлкөнүн батышындагы Чивитавеккья портуна якорь таштаган.

Кемеде жалпы 6000ден ашуун жүргүнчү жана экипаж болгон алардын ичинен 27 киши түрк, 751 киши кыйтайлык.

 



Тектеш кабарлар