Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирустан улам глобалдык чукул абал жарыялады

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун чукул абалдар комитети коронавирустун бүткүл дүйнөдө дүрбөлөңгө жол ачкан ылдамдык менен жайылышына байланыштуу Швейцариянын Женева шаарында чогулду.

1350860
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирустан улам глобалдык чукул абал жарыялады

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму Кытайда ортого чыккан жаңы тип коронавирус эпидемиясы тууралуу «эл аралык коомдук  саламаттык сактоонун өзгөчө абалын» жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун чукул абалдар комитети коронавирустун бүткүл дүйнөдө дүрбөлөңгө жол ачкан ылдамдык менен жайылышына байланыштуу Швейцариянын Женева шаарында чогулду.

Уюмдун борборунда Түркия убактысы боюнча саат 15:30да башталган жыйында «Коронавирус эпидемиясынын саламаттыкка тийгизген глобалдык коркутуусу» болуп же болбогондугу тууралуу маселе 23 -  январдагы жыйындан кийин кайрадан каралды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханов Гебрейесус 15 мүчөдөн турган комитет жыйынынан кийин берген маалыматында коронавирус эпидемиясына карата «Эл аралык коомдук  саламаттык сактоонун өзгөчө абалын» жарыялашкандарын билдирди.

Глобалдык чукул абал деп жарыяланышынын себебинин Кытайдын эпидемияга каршы күрөшүнөн келип чыкпагандыгын баса белгилеген Гебрейесус чечимдин артындагы негизги себептин эпидемияга байланыштуу башка өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо абалынын начар экендигин айтты.

Чечим үчүн «Негизги себеп Кытайда болгондор эмес, башка өлкөлөрдө болгондор»,- деген Гебрейесус чечимге карабастан Кытай менен соода иштери жана өлкөгө жасалган саякаттарды чектөөгө карата чаралар үчүн эч бир негиздин болбогондугун жактады. Гебрейесус чукул абалды жарыялоонун Кытайга карата бир ишенимсиздиктин болбогондугуна басым жасап өлкөнүн вирус менен күрөшүүнүн күтүлгөндөн да жогору экендигин айтты.



Тектеш кабарлар