АКШ жарандарын Кытайга барбоо боюнча эскертти

Жаңы тип коронавирус биринчи болуп Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12 – декабрда аныкталган.

1350845
АКШ жарандарын Кытайга барбоо боюнча эскертти

 АКШнын тышкы иштер министрлиги жарандарын жаңы тип коронавирустан улам Кытайга барбоолору керектигин эскертти.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Ухань шаарында башталган жана бүткүл дүйнөнү аракетке өткөргөн жаңы тип коронавирустан улам Кытайга саякат сунушун 4 – даражага чыгарды.

Берилген маалыматта : «Кытайда жайылган коронавирустан улам Кытайга барбагыла. Туристтер ишке ашырыла турган күтүлбөгөн саякат чектөөлөрүнө даяр болуулары керек. Аба жолу фирмалары Кытайга барган жана Кытайдан келген каттамдарды азайтты жана токтотту»,- деп билдирилди.

Министрликтин катчысы Морган Ортагус болсо кечээ эпидемиядан улам  Кытайдагы кызматкер жана жарандардын эвакуациялангандыгын билдирди.

Жаңы тип коронавирус биринчи болуп Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12 – декабрда аныкталган.

Ухань муниципалитетинин саламаттык сактоо комиссиясы 31 -  декабрда шаардагы Хуанан деңиз продукциялары базарында болгон 27 кишиде дагы «сырдуу» оорунун бар экендигин билдирген жана базарды жапкан.



Тектеш кабарлар