Тель Абядда террордук кол салуу болду
Кол салууда 2 жаран каза болуп, 4 жаран жараланды.
Сирияда «Тынчтык булагы» операциясында террордон тазаланган Тель Абяд районунда бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 жаран каза болуп, 4 жаран жараланды.
Түрк куралдуу күчтөрү менен Сирия улуттук армиясы тарабынан жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясы менен террористтерден тазаланган Сириянын түндүгүндөгү Тель Абяд бажысында жарылуу болду.
Жүк ташуучу машинага жайгаштырылган бомба бажы аянтында жардырылып, алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 жарандын каза болгондугу 4 жарандын жаралангандыгы билдирилди.
Коопсуздук булактары террордон куткарылган аймактарда бомбалуу кол салуулардын ЙПГ/ПКК террордук уюмдары тарабынан жасалгандыгын бирок уюмдун жарандарга зыянын тийгизгени чүн муну моюнга алуудан качканын билдиришти.