Режим күчтөрү Идлибде 6 отурукташуу жерин колго алды

Кагылышуулардын акырында режим күчтөрү Серакибдин түштүгүндө Хан ес Сүбүл, Лоф, Камхане, Тель Дибис, Жерада айылдары менен Мардибсе аймагын колго алды

1350363
Режим күчтөрү  Идлибде 6 отурукташуу жерин колго алды

Сирияда Башар Асад режиминин армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү Орусиянын абадан колдоосу менен Идлибдин түштүк  - чыгышында 6 отурукташуу жерин колго алды.

Башар Асад режиминин армиясы менен оппозициячыл жана режимге каршы куралдуу топтордун арасында Идлибдин түштүк  - чыгышындагы элети менен Халептин Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын чектериндеги батыш жана түштүк элетинде катуу кагылышуулар улантылууда.

Асад режиминин армиясы жана Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү Идлибдин эң чоң району Мааратүннуманы колго алгандан кийин Серакиб районуна карай жылууну улантууда.

Кагылышуулардын акырында режим күчтөрү Серакибдин түштүгүндө Хан ес Сүбүл, Лоф, Камхане, Тель Дибис, Жерада айылдары менен Мардибсе аймагын колго алды.

Ушундайча режим күчтөрү Серакибге түштүк жактан 10 километр жакындады.

 



Тектеш кабарлар