Кытайда жаңы түрдөгү коронавирустан каза тапкандардын саны 170ке жетти

Бул тууралуу Кытайдын Улуттук Саламаттык сактоо комиссиясы жарыялады.

1349966
Кытайда жаңы түрдөгү коронавирустан каза тапкандардын саны 170ке жетти

Кытайда жалпы өлкөгө жайылган жаңы түрдөгү коронавирус (2019-nCoV) эпидемиясынын себебинен көз жумгандардын саны 170ке жетти.

Улуттук Саламаттык сактоо комиссиясынын жарыясына караганда жалпы өлкөдөгү бардык шаар, провинция, автономиялуу аймак жана атайын башкаруу аймактарына жайылган оорудан таасир алган киши саны да 7711 деп жарыяланып, анын ичинен 1370нин абалы оор экени белгиленди.

Вирус жукканынан шектелген киши саны 12167 деп жарыяланса, коронавирус диагнозу коюлган кишилер менен байланышы болгону себеби менен карантинге алынгандардын саны 81947 кишиге жеткени маалымдалды.

Айрыкча Кытайдан чыккан вируска окшош диагноз коюлган киши саны Гонконг автономиялуу аймагында 10, Макау автономиялуу аймагында 7ге жетти.

Акыркы 24 саатта жалпы өлкөдө коронавирусту жугузган жаңы 1737 киши белгиленип, 38 киши көз жумганы маалымдалды.

Ушул убакка дейре ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны болсо 124 гана кишиге жетти.

Кытайда ушул убакка дейре каза тапкандардын 162си жаңы түрдөгү коронавирус чыккан Хубейде болду.

Сычуань, Хайнань, Хибэй, Хэйлунцзян провинциялары менен Пекин жана Шанхай шаарларында бирден, Хынан провинциясында болсо 2 киши көз жумду.

Борборго түздөн-түз байланышы болгон шаарлардан Пекинде 11, Шанхайда 101, Тяньцзинде 27, Чунцинде 165 инфекцияга кабылган кишилер белгиленип, коронавирус эпидемиясынын чыккан жери Хубей провинциясында болсо вирустан таасир алган киши саны 4586га жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар