Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат

Кытайда күч алган жаңы оору дүйнө жүзүнө коркунуч жаратууда.

1349235
Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат

Кытайда жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны 132 кишиге, ооруну жугузуп алгандардын саны 5 миң 974 кишиге жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, Тибет автономдуу аймагынан тышкары өлкөнүн жалпысына жайылган жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен 132 киши көз жумуп, вирустан таасирленгендердин саны 1 миң 239у оор жалпы 5 миң 974 кишиге жетти.

Муну менен бирге вирусту жугузуп алышы мүмкүн деп шектелгендердин саны 9 миң 239 кишиге жетип, вирустан таасирленген адамдар менен байланыш кургандыгы себеби менен көзөмөлгө алынгандардын саны 59 миң 990 кишиге жетти.

Бүгүнкү күнгө чейин айыгып ооруканадан чыккандардын саны болсо 103 киши болду.

Ошондой эле Кытайдын тышындагы аймактарда вирустан таасирленгендердин саны Гонконгдо 8, Макаодо 7 кишиге жетти.

Коронавирус тараган Хубэй аймагында вирустан таасирленгендердин саны 3 миң 554 кишиге жетсе, каза тапкандардын 125и ушул аймакта катталды.

Көрсөткүчтөргө караганда бул оору Кытайдан тышкары Таиланда 14, Японияда 7, Сингапурда 5, Америкада 5, Австралия, Франция, Германия жана Түштүк Кореяда төрттөн, Малайзияда 3, Вьетнамда 2, Непал, Канада, Камбоджа жана Шри-Ланкада бир бирден кишиде катталды.



Тектеш кабарлар