Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти

17 шаарда коомдук транспорт убактылуу токтотулду.

1348789
Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти
almanya koronavirus.jpg
koronavirus1.jpg

Кытайдын Ухань шаарында ортого чыккан жана эпидемияга айланган коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти.

Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынан берилген маалыматка караганда Тибет автоном аймагынын тышында жалпы өлкөдө эпидемиянын айынан вирустун жуккандыгы такталган киши саны 4515ке жетти. Булардын ичинен 976 кишинин абалы оор. Муну менен бирге вирустун чыгышынан шектенилген киши саны 6973 деп билдирилип, вирустан таасирленген кишилер менен жакын байланышта болуп текшерүүгө алынган киши саны да 44.132ге жетти.

Гонконг атайын башкаруу аймагында 8, Макау атайын башкаруу аймагында 7, Тайванда 5 кишиде вирустун бар экендиги такталды. Ошол эле учурда вирус жугуп дарылангандан кийин айыккан 60 киши ооруканадан чыкты.

Борбор шаар Пекинде коронавирустан бир киши каза тапты. Борбор шаарда коронавирустан таасирленген киши саны да 80ге жетти. Булардан 14 кишинин абалынын олуттуу экендиги белгиленди.

Коронавируска каршы көрүлгөн чаралардын негизинде бардык университет, лицей, орто мектеп жана башталгыч мектептер менен бала бакчалар эс алууга чыкты. 17 шаарда коомдук транспорт убактылуу токтотулду.

Бир тараптан Германияда биринчи жолу коронавирус жуккан бир киши чыкты. Штарнберг аймагындагы 1 кишиге жаңы коронавирустун жуккандыгы билдирилди. Бул кишинин ооруканада жакшы абалда экендиги, карантинага алынгандыга белгиленди.

АКШнын тышкы иштер министрлиги Кытайга саякатка барууну ойлогон жарандарын пландарын карап чыгууна жа Хубэй аймагына саякатка барбоолору керектигин эскертти.

Канада менен Индонезия да жарандарынын Кытайга барбашы керектигин сунуш кылды.

Филиппиндер болсо Кытай жарандарына туристтик виза берүүнү убактылуу токтотту.



Тектеш кабарлар