Иранда жер титирөө болду

Жер титирөөдө 33 киши жараланды.

1348897
Иранда жер титирөө болду

Ирандын Фарс аймагынын шаары Ширазда кечээ болгон 5,4 баллдык жер титирөөдө 33 кишинин жаралангандыгы билдирилди.

Фарс маалымат агенттигине маалымат берген Фарс аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордун төрагасы Мухаммед Жевад Мурадиан эпицентри Ширазга караштуу Хане Зинян кыштагы болгон жер титирөөдө 33 кишинин жаралангандыгын айтты.

Мурадиян  жаралуулардан экөөсүнүн ооруканада бирөөсүнүн болсо амбулаториялык дарылангандыгын билдирди.

Иран кризисти  башкаруу мекемесинин коом менен байланыш директору Али Бахтияри болсо Ширазга караштуу 37 айылдагы имараттарда чыгашанын болгондугун белгиледи. Бахтияри эң көп чыгашанын Кемерабад Арменди айылында болгондугун айтты.



Тектеш кабарлар