АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады

Бул туурасында АКШнын Казына департаменти билдирди.

1346496
АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады

АКШнын Казына департаменти Иранга каршы жаңы санкциялардын тизмесин жарыялады.

Тизмеде 2 адам жана 6 ишкана орун алды.

Бул туурасында АКШнын Казына департаментинин интернет баракчасынан билдирилди.

Маалыматка караганда 2 адам жана 6 ишкана санкция тизмесине киргизилди.

Ишканалардан төртөөнүн Ирандын улуттук мунай зат компаниясы менен байланышы болгондугу айтылды.

Билдирүүдө санкциялардын, Ирандын нефтехимия жана чийки мунай зат өнөр жайын колдогон эл аралык түйүндү бутага алгандыгы белгиленди.

Ирандын чийки мунай жана нефтехимия секторунун дүйнөлүк террор иштерин каржылаган негизги булактар экендиги билдирилди.  



Тектеш кабарлар