Коронавирустун жаңы түрүнөн каза тапкандардын саны көбөйүүдө
Белгисиз вирустун ылдам жайылып баратканы элди тынчсыздандырууда.
1345358
Кытайдын Ухань шаарында тараган жана пневмонияга 80 пайыз окшоштурулган коронавирустун жаңы түрүнөн каза тапкандардын саны 9 кишиге жетти.
Ухань шаарында декабрь айында пайда болгон жаңы коронавирус ушул күнгө чейин 440 кишиде табылды.
Вирусту жугузуп алган кишилер менен байланыш курган 2 миң 197 кишиден 1394ү дарыланып чыкты.
Декабрь айынан бери Пекин, Шанхай шаарлары менен Гуандунда жана бир канча өлкөдө табылган белгисиз вирустун ылдам жайылып баратканы элди тынчсыздандырууда.