Орусиядагы өрт 11 кишинин өмүрүн алды
Өрттүн айынан арасында өзбек жарандары да болгон 11 киши каза тапты.
1344328
Орусиянын Томск аймагындагы бир үйдө чыккан өрттөн 11 киши көз жумду.
ТАСС агенттигинин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып берген кабарына караганда, Тюмень аймагынын Причулымский айылында токой жумушчулары жашаган дача үйүндө түн ортосунда өрт чыкты.
Себеби азырынча белгисиз болгон өрттүн айынан арасында өзбек жарандары да болгон 11 киши каза тапты.
Коопсуздук күчтөрү окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.