Кытайдагы вирус коркунуч жаратууда

Белгисиз оорунун айынан каза тапкандардын саны көбөйдү.

1344792
Кытайдагы вирус коркунуч жаратууда

Кытайда пайда болгон жана пневмонияга окшоштурулган белгисиз оорунун айынан каза тапкандардын саны 6 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы, Ухань шаарында катталган коронавирустун кечээтен бери 77 кишиде табылганын, өлкөнүн жалпысында вирусту жугузуп алгандардын саны 291 кишиге жеткенин кабарлады.

Медицина кызматкерлери, Хубэй аймагынын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрында пайда болгон жаңы коронавирустан келип чыкан белгисиз оорунун айынан 4 адамдын көз жумганын билдиришкен.

Пневмонияга окшош илдетке себеп болгон жаңы коронавирустан каза тапкандардын бардыгы Ухань шаарында катталды.

Австралиялык медицина кызматкерлери, Кытайдагы вируска байланыштуу өлкөдө аэропорттордогу текшерүүлөрдүн арттырыла тургандыгын кабарлашты.

Вирустан улам башка өлкөлөрдүн аэропортторунда дагы Кытайдан барган жүргүнчүлөрдүн медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жатканыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар