Идлиб чыңалууну азайтуу аймагын Орусиянын учактары бомбалады
Оппозициячылдарга таандык учак байкоочу үйүнө караганда Орусиянын согуштук учактары эртең мененден бери Идлибдин Бара, Бсида жана Масаран айылы менен Халебдин батыш элет жериндеги айылдарды бомбалады.
Орусиянын согуштук учактарынын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын ичиндеги отурукташуу жерлерине жүргүзгөн кол салуусунда 7си бала 14 жаран каза тапты.
Оппозициячылдарга таандык учак байкоочу үйүнө караганда Орусиянын согуштук учактары эртең мененден бери Идлибдин Бара, Бсида жана Масаран айылы менен Халебдин батыш элет жериндеги Кефер Деал, Мансура, Кефер Теал, Ирхаб, Такад, Шамико жана Индоми айылдарын абадан бомбалады.
Жарандык коргонуунун (Ак каскачандар) берген маалыматтарына караганда Идлибдин Бара айылында 2, Халебдин батыш элет жериндеги Кефер Теал айылында бир үй-бүлөдөн 6сы бала 9 киши, Такад айылында бири бала 3 жаран набыт болду.
Бул учурда Асад армиясы жана Иран колдогон чет элдик террорист топтордон турган режим күчтөрү менен Орусиянын кол салууларынан качкан жарандардын Халеб облусунун Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы элет жерлерден Түркия чек арасына жакын жерге көч уланууда.
Сириянын Бөгөт координациясына караганда Сириянын Идлиб обулусунда жарыяланган ок атпоого карабастан Асад режими, Иран колдогон террорист топтор жана Орусиянын кол салууларынын натыйжасында 12-январдан бери 62 жаран каза болду, 31500 киши жеринен ажырады.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.