Террористтер Африн жана Азезге кол салды
Террордук уюм ЙПГ/ПККнын «Зайтун бутагы» операциясынын 2 жылдыгында Африн жана Азез райондук борборлоруна кол салуусунан бирөө бала 2 жаран каза тапты.
1344051
Сириянын Тель-Рыфат районун басып алуусун уланткан террордук уюм ЙПГ/ПККнын «Зайтун бутагы» операциясынын 2 жылдыгында Африн жана Азез райондук борборлоруна кол салуусунан бирөө бала 2 жаран каза тапты.
ЙПГ/ПККга мүчө террористтер Түркия менен Орусиянын ортосунда 2019-жылдын 22-октябрында жетишилген меморандумдун талабына ылайык бошотушу керек болгон Тель-Рыфат районунан Африн жана Азез райондук борборуна кол салуусун токтотпой жатат.
Африн шаарынын борборуна снаряд атылып бирөө бала 2 жаран набыт болду, 2 жаран жаракат алды.
Бир тараптан уюм Азездин борборун миномет менен атты.
Бир мектепти бутага алган кол салууда каза болгон же жаракат алган болгон жок.