Орусияда бир мейманканада ысык суу түтүгү жарылды

Орусиянын Пермь шаарындагы бир мейманканада ысык суу түтүгүнүн жарылуусу менен 5 киши каза болду.

1343825
Орусияда бир мейманканада ысык суу түтүгү жарылды

Орусиянын Пермь шаарындагы бир мейманканада ысык суу түтүгүнүн жарылуусу менен 5 киши каза болду.

ТАСС кабар агенттигинин Орусия чукул абалдар министрлигине таянып берген кабарга караганда Пермде кичинекей бир мейманкананын астындагы бөлмөлөрдө ысытуу системасына суу берген ысык суу түтүгү таңга жуук жарылды.

Бөлмөлөргө ысык суунун толушу менен 5 киши каза болду.

Орусия териштирүү комитетинин окуя тууралуу иликтөө баштагандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар