Ливияда Хафтерге караштуу куралчан топтор Триполинин айланасында ок атпоону бузуп жатышат

Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу күчтөр жүргүзгөн Ыза вулканы операциясынын басма сөз катчысы Абдулмалик эл-Медени, Анадолу агенттигине маалымат берди.

1344245
Ливияда Хафтерге караштуу куралчан топтор Триполинин айланасында ок атпоону бузуп жатышат

Ливиянын эл аралык мыйзамдуулукка ээ болгон Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу күчтөр жүргүзгөн Ыза вулканы операциясынын басма сөз катчысы Абдулмалик эл-Медени, Анадолу агенттигине берген маалыматында Хафтер террористтеринин борбор шаардын түштүгүндөгү Айн Зара, Селахаддин жана Ремле аймактарында туш келди миномет менен аткылап ок атпоону бузганын айтты.

Ливиядагы тараптар жана эл аралык коомчулук Германиянын борбор шаары Берлинде чогулуп жатканда жекшемби күнү Хафтерге караштуу куралдуу топтор ошондой эле түрдө Халлатат аймагында да миномет менен атып ок атпоону бузган.

Хафтер террористтеринин миномет менен аткан октору мунай зат танкерине тийип өрт чыккан жана борбор шаардын асманына кара түтүн көтөрүлгөн эле.

Хафтер террористтери кечээ түнү Берлин конференциясы бүтөөр замат борбор шаардын Селахаддин районун миномет менен аткылап ок атпоону бузган.



Тектеш кабарлар