Индонезияда селден улам асма көпүрө кулады

Көпүрө кулап 7 киши каза тапты.

1343830
Индонезияда селден улам асма көпүрө кулады

Индонезияда катуу жааган жамгыр жол ачкан селден улам бир асма көпүрө кулап 10 киши каза болду.

Индонезия агенттиги Антаранын берген кабарына караганда Бенгкулу провинциясындагы Каур аймагында дарыянын эки жагын бири бирине байланыштырган асма көпүрө үстүндө 30га жакын окуучу бар кезде суу ташкынынан улам кулады. Окуяда 10 кишинин каза болгондугун билдирген Каур аймактык апаат агенттигинин башкаруучусу Ужанг Сияфири жараланган бир кишинин  дарыланып жаткандыгын айтты. 

Бир тараптан Метеорология, климат жана геофизика мекемеси өлкөнүн 23 провинциясын  катуу жамгыр жаай турганы боюнча эскертти.

23 -  январга чейин уланышы күтүлгөн жамгыр жаашынын күтүлбөгөн сел жана чагылгандын түшүшүнө себеп болушу мүмкүн экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар