Украина учагында жарандары каза болгон өлкөлөр Ирандан компенсация талап кылышты

Канада, Британия, Украина, Швеция, Нидерландия жана Афганстандын тышкы иштер министрлери Британиянын борбор шаары Лондондо жолугушту.

1342643
Украина учагында жарандары каза болгон өлкөлөр Ирандан компенсация талап кылышты

Иран атып түшүргөн Украина учагында жарандары каза болгон өлкөлөр Тегерандан бардык жоопкерчиликти кабыл алышын,  эл аралык териштирүүнүн баштатылышын жана үй  - бүлөлөргө компенсация  төлөнүшүн талап кылышты.

Канада, Британия, Украина, Швеция, Нидерландия жана Афганстандын тышкы иштер министрлери Британиянын борбор шаары Лондондо жолугушту. Министрлер «эсеп берүү, тактык жана адилеттиктин түзүлүшүнө карата» бир алкак боюнча келишти.

Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань окуган текстте оболу Ирандан тийиштүү өлкөлөрдүн жетекчилерине толук жана үзгүлтүксүз консулдук кызматтын берилиши талап кылынды.

Каза болгондордун күбөлүктөрүнүн такталышынын тактык жана эл аралык стандарттарга ылайык түрдө жүргүзүлүшү жана үй  - бүлөлөрдүн жакындарынын сөөктөрүн өлкөлөрүнө жиберүү каалоолоруна сый көрсөтүлүшү талап кылынды.

Жарандары каза болгон өлкөлөргө да ачык болгон көз карандысыз жана так бир эл аралык териштирүүгө чакыруу салынган текстте Ирандын бардык жоопкерчиликти алышы жана ордун толтуруу, каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө карата бардык жоопкерчиликти кабыл алышы керектиги талап кылынды.

Өзгөчө  көз карандысыз бир жаза териштирүү менен жооптуулардан эсеп суроо жана бул процесстин адам укуктарына ылайык, так жана тарапсыз жүргүзүлүшүнө көңүл бурулду.  

Суроолорго да жооп берген Шампань Ирандын жоопкерчликти кабыл алгандыгын бирок окуяга толугу менен эмненин себеп болгондугуна эл аралык териштирүү менен гана жооп бериле аларын айтты.

Иранды кызматашууга чакырган Шампань : «Үй  - бүлөлөр жооп берилишин каалап жатат. Эл аралык коомчулук жооп күтүүдө. Дүйнө бул жоопторду күтүүдө. Биз да жооп алганга чейин жөн турбайбыз»,- деди.

Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегеран эл аралык аэропорту Имам Хумейни аэропортунан учкан жүргүнчү учак 8 -  январь шаршемби күнү эрте менен учкандан кыска убакыттан кийин кырсыкка учуп, учактагы 176 кишиден кутулган болгон жок.

Ирандын башкы штабынын төрагалыгы бүгүн эрте менен Украина аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын «кылдат аскердик бир зонанын» үстүнөн өтүп баратып «адамзаттык жаңылыштыктын» айынан абадан коргоо системасы тарабынагөн жаңылыштык менен атып түшүрүлгөндүгүн билдирди.



Тектеш кабарлар