Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди сунуштады

Бул туурасында Кремль билдирди.

1341615
Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин, Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустинди Дмитрий Медведевден бошогон премьер-министрлик кызматка сунуштады.

Кремлдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, президент Владимир Путин Михаил Мишустин менен жолугушуп, ага өкмөттүн төрагасы кызматын сунуштады жана макулдугун алгандан кийин Мишустиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөткөндүгү кабарланды.

Думага жеткен бул сунуш бүгүн добушка салынат.

Дмитрий Медведев кечээ Путинге өкмөттүн отставкасын сунуштап, Путин да кабыл алган болчу.

1966-жылы Москвада туулган Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт.



Тектеш кабарлар