Малайзия Боинг 737 МАХ алууну токтотту
Малайзия аба жолдору өткөн жылкы кырсыктардан улам 25 даана Боинг 737 MAX моделиндеги учактын буюртмасын токтотту.
Малайзиянын жергиликтүү учак фирмасы Малайзия аба жолдору өткөн жылкы кырсыктардан улам 25 даана Боинг 737 MAX моделиндеги учактын буюртмасын токтотту. Бул тууралуу маалымат берген фирманын жетекчилери моделге таандык учактардын өткөн жылы эки жолу кырсыкка учурагандыгын эске салып : «Бул учактардагы кемчиликтер жана кечигүүлөрдөн улам Малайзия аба жолдору буюртмалары токтотулду»,- деп билдиришти.
Чечимден кийин Боингден келген маалыматта Малайзия аба жолдорунан кечирим суралып : «Кардарларыбыздын 737 МАХ моделибизге болгон ишенимине ээ болуу үчүн бардык колдоону көрсөтөбүз»,- деп билдирилди.
Өткөн жылкы кырсыктардан кийин Боингдин учак буюртмалары акыркы 11 жылдын эң төмөнкү санына түштү.
Малайзия аба жолдору бул жылдын июль айында тапшыруу үчүн Боингден 25 даана 737 МАХ моделиндеги учак буюртма берген.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.