Швеция Ирандан кун төлөөнү талап кылууда

Швециянын тышкы иштер министри Энн Линде Твиттерден маалымат берди.

1340188
Швеция Ирандан кун төлөөнү талап кылууда

Швеция Иран тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөн Украина учагында көз жумгандар үчүн кун төлөнүшүн талап кылганын билдирди.

Швециянын тышкы иштер министри Энн Линде Твиттер баракчасынан, Ирандын Стокгольмдогу элчиси Сайед Расул Мохажердин Иранда атып түшүрүлгөн Украина учагына байланыштуу сүйлөшүү өткөрүү үчүн министрликке чакыртылганын кабарлады.

Министр Линде, элчи Сайед Расул Мохажерге кырсыкты иликтеш үчүн кызматташууну сунуш кылгандарын белгилеп: «Тез жана ачыктык жагынан, ошондой эле өлкөбүздүн жапа чеккен жарандарынын жакындарынын кайгысын аз дагы болсо жеңилдетүү үчүн жоопкерчилик алынышы керектиги талап кылынды»,-деди.

Украина аба жолдоруна таандык Боинг-737-800 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы 8-январда «Имам Хомейни» аэропортунан учкандан көп өтпөй кулап түшкөн болчу.

Иран, Украина, Канада, Ооганстан, Германия, Швеция жана Англия жарандарынан турган учактагы 176 жүргүнчү жана эпипаж мүчөлөрү каза тапкан.

Иран алгач четке какса дагы 3 күндөн кийин учакты жаңылыштык менен атып алгандарын билдирген эле.



Тектеш кабарлар