АКШ базасына ракета атылды
«Белед» аскердик базасына 8 Катюша ракетасы атылды.
1339425
![АКШ базасына ракета атылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d10c/3ba4/6c4c/5e1c0ad8cb593.jpg?time=1718853522)
Ирактын Салахаддин аймагында, Америка жана Ирак аскерлери жайгашкан «Белед» аскердик базасына 8 ракета менен кол салуу болду.
Ирактын коопсуздук кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, «Белед» аскердик базасына 8 Катюша ракетасы атылды.
Кол салууда Ирак армиясына караштуу бир офицер жана 3 аскер жараланды.