АКШ Сингапурга Ф - 35 Б аскердик учак сатууну бекитти
Сатуу процессинин башталышы үчүн Конгресстин 30 күндүн ичинде бул чечимге нааразычылык билдирбеши керек.
1338701
АКШнын тышкы иштер министрлиги Сингапурга 2 миллиард 750 миллион долларлык 12 кыска аралыкка учкан жана тик коно алган Ф - 35 Б моделиндеги бешинчи муундагы аскердик учак сатууну бекитти.
Сатуу процессинин башталышы үчүн Конгресстин 30 күндүн ичинде бул чечимге нааразычылык билдирбеши керек.
АКШ 8 өнөктөш өлкө менен Ф - 35 учактарын үч варянтта өндүрүүдө. Ф - 35 А учактары нормалдуу аянттарга ылайык нормалдуу түрдө учуп – коно алса, Ф - 35 Б учактары кыска аянттардан учуп, тик коно алууда.
Ф - 35С моделиндеги учактар деңиз флоту үчүн чыгарылып учак конуучу кемелерден учуп коно ала тургандай түрдө долбоорлонууда.