Иранда кулаган Украина учагы талаш туудурууда...

Ак үйдө күн тартип жөнүндө суроолорго жооп берген Трамп, Иранда Украина учагынын техникалык себептен түшкөн болушуна шектенүү менен караганын белгиледи.

1338282
Иранда кулаган Украина учагы талаш туудурууда...

АКШнын президенти Доанльд Трамп, Украина учагынын Иранда техникалык бузулуунун себебинен кулап түшкөнү жөнүндөгү айтымдардын шектендирүүчү болгонун айтты.

Ак үйдө күн тартип жөнүндө суроолорго жооп берген Трамп, Иранда Украина учагынын техникалык себептен түшкөн болушуна шектенүү менен караганын белгиледи.

Трамп: «Шектенүүдөмүн. Башкаларынын дагы шек саноолору бар. Трагедиялуу окуя. Берки тарапта бирөөлөр жаңылыштык кылган болушу мүмкүн. Абдан татаал аймактан учуп бараткан болчу. Ал жерлерде бирөөлөр ката кылган бошушу мүмкүн. Айрым кишилер учактын механикалык себеп менен түшкөнүн айтып жатышат. Менин оюмча мында суроо белгиси бар. (Ирандын кокустан атып алганы айтымын) Чынында эле толук билбеймин. Бул темада жаман сезимдерим бар, ал жерде абдан жаман нерсе болду го деп ойлойм»,-деп айтты.

Англиянын премьер-министри Борис Жонсон да учактын кулап түшкөнү тууралуу териштирүүнүн «ачыктык жана ишенимдүүлүк менен жүргүзүлүшү» боюнча чакырыгын салды.

Жонсон 176 киши каза тапкан Boeing 737 үлгүсүндөгү Украинанын учагынын кулап түшкөнү тууралуу билдирүүсүндө, «Маалыматтар Украина учагынын Ирандан учурулган ракета тарабынан атып түшүрүлгөнүн көрсөтүүдө. Бул кокустук болушу мүмкүн»,-деди.

Англия өкмөтүнөн бир басма сөз катчысы окуя тууралуу, «Спекуляция кылгым келбейт, бирок көрүнүп турган отчеттор абдан санааркатуучу»,деген серебин салды.

Канаданын премьер-минстри Жастин Трюдо болсо Канаданын чалгындоо кызматынын колунда Украина учагынын Иранга таандык ракета менен кокустан атылганы тууралуу далилдер болгонун жарыялады. Бул тема тууралуу өткөргөн маалымат жыйынында Трюдо, өздөрүнүн чалгындоолоруна жана айрым шериктеш өлкөлөрдөн алынган чалгындоолорго шилтеме берип, «Колубуздагы чалгындоого караганда Украина учагы кургактыктан асманга атылуучу Ирандын ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн көрсөтүүдө, бирок бул кокустук болбошу мүмкүн»,-деп айтты.

Учактын кандай ракета менен жана кандай түрдө атылганы жөнүндө суроолорго так жооп бербеген Трюдо, колундагы көп сандаган чалгындоолорго ишенгенин баса белгиледи.

Трюдо айрыкча Түркия аркылуу Иранга барыш үчүн айрым канадалык дипломаттардын жол тартканын жана бул кишилерге Ирандын виза темасында жеңилдикти камсыздай турганын кошумчалады.

Буга жооп катары Ирандын Өкмөт катчысы Али Ребии, Украина аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагынын ракета менен атылганы жөнүндөгү айтымдардын АКШнын ушул багытта түшүнүк жаратуу операциясы болгонун жактады.



Тектеш кабарлар