Иран айтымдарды төгүнгө чыгарды

АКШ Украинага таандык учактын Иран ракетасы менен атып түшүрүлгөндүгүн айтып чыккан эле.

1338394
Иран айтымдарды төгүнгө чыгарды

Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Ребии, Украинага таандык учактын ракета менен атылгандыгы жөнүндөгү айтымдардын АКШнын туура эмес түшүнүк жаратуу операциясы экенин жактады.

Ребии жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Ирандын авиация кызматынын, Эл аралык жарандык авиация уюмунун мыйзамдарына ылайык кырсыкты иликтөө комиссиясын түзгөнүн жана окуя ачык, кылдат жана ылдам түрдө иликтенип жатканын айтты.

Тийиштүү өлкөлөрдүн эксперттеринин катышуусунда кырсыктын баардык жагы менен иликтенип жатканын билдирген Ребии, учактын ээси Украина, өндүрүүчү Боинг, мотор өндүрүүчү Франция жана кырсыкта жарандары көз жумган өлкөлөр дагы иликтөөгө кошула алаарын айтты.

Ребии, президент Хасан Руханинин буйругу менен техникалык иликтөөлөрдүн тартиптүү жана ылдам жүрүп жатканын жана бүткөрүлгөндө жарыялана тургандыгын кабарлады.

 Украинанын борбор шаары Киевге баруу үчүн Тегерандагы «Имам Хомейни» аэропортунан асманга көтөрүлгөн Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы,  учкандан көп өтпөй кулап түшүп, учактагы жүргүнчү жана экипаж мүчөсүнөн турган 176 адам көз жумган эле.

АКШ медиасында сөз сүйлөгөн бир канча Америкалык жетекчи, АКШ чалгындоосунун Тегеран-Киев каттамын жүргүзгөн Украина аба жолдоруна таандык Боинг-737 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын Иран тарабынан атылган ракеталардын бири түшүрүшү мүмкүн экенин ойлоп жаткандарын айтышты.  



Тектеш кабарлар