Трамп Твиттерден маалымат берди

Трамп: «Дүйнөдөгү эң күчтүү армияга ээбиз».

1336720
Трамп Твиттерден маалымат берди

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын Ирактагы Америка базаларына карай кол салууларынан кийин жарыялаган билдирүүсүндө баары жайында экенин айтты.

Трамп Твиттерден маалымат берди.

Кол салуудан кийин Ак үйдө Улуттук коопсуздук кеңеши менен жыйын өткөргөн Трамп, Твиттердеги бөлүшүүсүндө тандаган сөздөрү менен жайгарууга аракет кылды.

Темага байланыштуу маалымат берээрин билдирген Трамп: «Баары жайында. Ирандан атылган ракеталар Ирактагы эки базабызды бутага алды. Жабыркагандар жана келтирилген зыян такталып жатат. Ушул учурга чейин баары жайында. Дүйнөдөгү эң күчтүү армияга ээбиз»,-деп айтты.

Бир тараптан жазуу түрүндө маалымат берген АКШнын федералдык авиация кызматы, Америка учактарынын Иран, Ирак, Перс булуңу жана Оман булуңу аймактарындагы учууларын чукул абалдан улам убактылуу токтотулгандыгын кабарлады.



Тектеш кабарлар