Трамп :" Ирандын кол салуусунда жан жоготуу болгон жок"

Дональд Трамп, борбор шаар Вашингтондо Иран менен күчөгөн чыңалууну талкуулаган маалымат жыйын өткөрдү.

1337358
Трамп :" Ирандын кол салуусунда жан жоготуу болгон жок"

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын Ирактагы Американын базаларына карай кол салууларында жан жоготуу болбогонун айтты.

Дональд Трамп, борбор шаар Вашингтондо Иран менен күчөгөн чыңалууну талкуулаган маалымат жыйын өткөрдү.

«Генерал Касым Сүйлеймани эбак эле өлтүрүлүшү керек эле»,-деп айткан Трамп, бул кыймыл менен Иранга так эскертүү берилгенин айтты.

Ирандын Европа менен жетишкен атомдук келишимден кийин «тең салмактуулугун жоготконун» айтып чыккан Трамп: «Иран эми ядролук максаттарын артка калтырышы керек»,-деп айтып,  Германия, Франция, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн Тегеран жетекчилигине колдоо көрсөтүүсүн токтотушун талап кылды.

Американын лидери, НАТОго да чакырык салып мындан ары Жакынкы Чыгышка дагы көп кийлигишүүсү керектигин айтты.

Эрте эскертүүчү системанын негизинде Ирандын Ирактагы Американын базаларына карай кол салуусунда эч бир ирактык же америкалыктын каза болбогонун белгилеген Дональд Трамп, материалдык чыгымдын дагы аз болгонун маалымдады.

Иран, генерал Касым Сүлейманинин АКШнын операциясы менен жума күнү Ирактын  борбор шаары Багдадда өлтүрүлүшүнө жооп катары бүгүн ошол эле Ирактагы Ал-Асад жана Эрбил базаларына баллистикалык ракеталар менен сокку урган.

Иран телекөрсөтүүсү чабуулда 80 АКШ аскеринин жок кылынганын жарыялаган.

Дональд Трамп Иранга жаңы экономикалык санкцияларды киргизе турганын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар