Сүлейманинин сөөгүн жерге берүү зыйнатында көп сандаган адам тебелендиде калып каза болду
Сүлейманинин сөөгү кечээ борбор шаар Тегаранда өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин туулган жери Керманга алып барылган болчу.
Ирандын Керман шаарында Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда 50 киши тебелендиде калып көз жумду, 213 киши жаракат алды.
Тебелендиден улам жаназа зыйнаты токтотулду жана жерге берүү башка күнгө жылдырылды.
Сүлейманинин сөөгү кечээ борбор шаар Тегаранда өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин туулган жери Керманга алып барылган болчу.
Керманда жаназа зыйнатына шаардын борборунан жана тегеректеги аймактардан көп сандаган киши катышып, анда Төңкөрүшчүл гвардиянын башкы командири Хүсейин Селами сөзүндө өч алууга басым жасаган.
АКШнын Коргоо министрлиги 3-январда Ирандын Төңкөрүшчүл гвардиясына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлейманинин Багдаддагы операцияда өлтүрүлгөндүгүн билдирген эле.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.