Касым Сүлеймани бүгүн туулган жеринде жерге берилет
Кирманда жаназа зыйнатына шаар борборунан жана тегеректеги аймактардан көп сандаган киши катышууда.
Ирадын Кирман шаарында Кудс Күчү командири Касым Сүлейманини акыркы сапарына узатуу үчүн өткөрүлгөн жаназа зыйнатында 40 киши каза болуп, 190 киши жараланды.
Тебелендиден улам жаназа зыйнаты токтотулду жана жерге берүү ылайыктуу бир күнгө кечеңдетилди.
Сүлейманинин жаназасы кечээ борбор шаар Тегаранда өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин туулган жери Кирманга алып барылган.
Кирманда жаназа зыйнатына шаар борборунан жана тегеректеги аймактардан көп сандаган киши катышып, жаназа зыйнатына катышкан Төңкөрүш Гвардиясынын башкы командири Хүсейин Селами сөзүндө өч алууга басым жасаган.
АКШнын коргоо министрлиги 3 - январда Иран Төңкөрүш Гвардиясына караштуу Кудс Күчү командири Касым Сүлейманинин Багдат аэропортунун жакынында жасалган кол салууда өлтүрүлгөндүгүн билдирген.