Иранда Трамптын башына 80 миллион доллар сыйлык коюлду

Трамптын башын алып келген кишиге 80 миллион доллар берилет.

1336166
Иранда Трамптын башына 80 миллион доллар сыйлык коюлду

Ирандын төңкөрүшчүл гвардиясына караштуу Кудс күчүнүн командири Касым Сүлеймани үчүн Мешхед шаарында өткөрүлгөн акыркы сапарга узатуу зыйнатында калың топко кайрылган жана аты-жөнү белгисиз бир киши, АКШнын президенти Дональд Трамптын башына 80 миллион доллар сыйлык коюлганын билдирди.

Спутник агенттигине караганда, Аль-Арабиянын кабарында сөз сүйлөөчүнүн Ирандын мамлекеттик телеканалында да жарыяланган билдирүүсүндө, калың элден Иранда 80 миллион кишинин жашаганын жана ар бир ирандыктын 1 доллар кайрым кылышын талап кылгандыгы белгиленди.

Сөз сүйлөөчү: «Бул 80 миллион долларды өз атыбыздан, заманабыздын улуу инсандарынын бири болгон Сүлейманини өлтүрүүгө буйрук берген Трамптын башын алып келген кишилерге белек катары беребиз. Бизге бул сары чачтуу акылсыздын башын алып келген адамга Иран улутунун атынан 80 миллион доллар беребиз»,-деп айтты.

Кудс күчүнүн командири генерал Касым Сүлеймани жана аны коштогон 9 киши, 3-январда Ирактын борбор шаары Багдадда АКШнын жүргүзгөн абадан операциясында өлтүрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар