Кытайдагы сырдуу оорудан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат
Оорунун себебинен 59 адам көз жумду.
1335180
![Кытайдагы сырдуу оорудан каза тапкандардын саны көбөйүп баратат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/40b6/6098/af0c/5e12d2c63c338.jpg?time=1718968505)
Кытайда себеби азырынча такталбаган сырдуу дем алуу жолдорунун оорусунан 59 адам көз жумду.
Жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери, Ухань шаарында ондогон кишиде катталган оорунун, дем алуу жолдорунун оорусу (САРС), Жакынкы Чыгыш дем алуу жолдорунун оорусу (МЕРС), грипп, куш тумоосу жана аденовирус болушу мүмкүн деген божомолдоолорго туура келбегенин баса белгилешти.
Гонконгдук жетекчилер болсо «жаңы пневмония түрү» делген оорунун өткөн айдан бери 15 кишиде катталгандыгын бегилешти.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, дүйнөнүн жалпысында бүгүнкү күнгө чейин 8 миңден ашуун кишиге САРС вирусу жукса алардын 775и көз жумду.
САРСтын айынан 2003-жылы Кытайда 349, Гонконгдо 299 адам каза болгон.